Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июлу № 357-б
Россия Федерациясынын дарылоо мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жарандары балдарын калтырып кетүү окуяларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо максатында, ошондой эле аларды алып келүү боюнча чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине (балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунан 1000000 (бир миллион сом) бөлүнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |