Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июлу № 358-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-февралындагы № 60-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункту "тартипте" деген сөздөн кийин "ачык аукциондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд саткан автотранспорт каражаттарын кошпогондо, ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиркемеге ылайык "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын балансына бошогон автотранспорт каражаттарын өткөрүп берсин жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 131-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункту "тартипте" деген сөздөн кийин "ачык аукциондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд саткан автотранспорт каражаттарын кошпогондо, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын балансына бошогон автотранспорт каражаттарын өткөрүп берсин жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |