Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-июлу № 363-б
Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, ошондой эле автомобилдик жолдорду жана көпүрөлөрдү курууну, капиталдык оңдоону өз убагында аяктоо максатында, ошондой эле мөөнөттүн аз экенин эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- 2012-жылы республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу жана 2013-2014-жылдары каржылануусу каралган объекттердин тизмесине кирген автомобилдик жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу жана капиталдык оңдоо үчүн консультациялык жана курулуш кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу методу менен сатып алууну жүргүзсүн. Ошол эле учурда кеминде үч потенциалдуу подрядчиктин коммерциялык сунуштарын иликтесин жана салыштырсын;
- жүргүзүлгөн сатып алуулардын натыйжасы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |