Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-июлу № 371-б
«Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну даярдоо жана аткаруу-алкагында 2009-2010-жылдары түзүлгөн «Allen & Overy», «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компанияларынын алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин жөнгө салуу максатында:
1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясынын отчетун суроо жана аткарылган иштерди кабыл алуу;
- «Кумтөр» долбоору менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр үчүн «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясы, тартылган «Allen & Overy» юридикалык компаниясы менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну даярдоонун жана аткаруунун алкагында 2009 - 2010-жылдары аталган компаниянын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн анын эсебине 102 041,18 (жүз эки миң кырк бир канада доллары он сегиз цент) канада долларын которуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун (мындан ары - «Кыргызалтын» ААКы) акционерлеринин жалпы чогулушунун кезексиз жыйынын өткөрсүн жана төмөнкү маселелерди чечсин:
- «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясына 102 041,18 канада долларын которуу жөнүндө;
- «Кыргызалтын» ААКнын башкармасынын төрагасына «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясына аталган акча каражаттарына которууга байланышкан документтерге кол коюуга ыйгарым укук берүү, ошондой эле «Центерра Голд Инк» компаниясынын акцияларына «Кыргызалтын» ААКсына тийиштүү сертификаттарды алуу үчүн «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясына кайрылуу жөнүндө.
3. Ушул буйрукка ылайык «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясына которулган каражаттардын суммасы 2013-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан «Кыргызалтын» ААКына орду толтурулууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетти түзүүдө «Blake, Cassels&Graydon LLP» юридикалык компаниясына которулган 102 041,18 канада доллары суммасындагы акча каражатын «Кыргызалтын» ААКына ордун толтуруу үчүн карасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |