Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-июлу № 374-б
2012-жылдын 29-июлу 1-августунда Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) тогузунчу жыйынына катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:
Карашев Аалы Азимович(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри; |
Сыдыков Данияр Батырович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Оторбаев Эринес Мотоевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Калмамбетов Автандил Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Абдылдаев Шералы Итибаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын Башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Алишеров Нурдин Куванычбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Сыдыгалиев Ринат Болотбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Бакиев Осмонбек Керимбаевич | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Таалайбек Омукеевич | - | "Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тургунбаева Асел Абдыракманова | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Комиссиянын катчысы; | |
Пусурманкулова Бурулай Сарыбашевна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча); |
Кариев Алмаз Шамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча). |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
А.Карашев |