Редакцияот 26.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 26-июлу № 375-б

Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектөө системасын өркүндөтүү максатында:

1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектөө системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды 2013-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко эксперттерди, консультанттарды, министрликтердин жана ведомстволордун адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

биринчи вице-премьер-министри

 

А.Карашев