Сравнение редакций…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө
жобо
1. Максаттар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы (мындан ары - Спартакиада) төмөнкү максаттарда өткөрүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны өнүктүрүү;
- дене тарбия, спорт жана сергек жашоо ыңгайын кеңири пропагандалоо жана таанытуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу;
- Спартакиаданын мыкты катышуучу-командаларын аныктоо;
- дене тарбия-массалык жана спорттук ишти уюштуруу формаларын өркүндөтүү.
2. Өткөрүү мөөнөттөрү жана орду
Спартакиада эки этапта өткөрүлөт:
-1 этап - июль-август - Кыргыз Республикасынын ар бир мамлекеттик органында массалык, тандоо мелдештери;
- II этап - октябрь-ноябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкерлеринин финалдык мелдештери Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Спартакиаданын I этабын өткөрбөгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Спартакиаданын II этабына катыштырылбайт.
Спартакиаданын II этабы Бишкек шаарынын спорт залдарында өткөрүлөт.
3. Мелдештерди өткөрүүнүн жетекчилиги
Спартакиадага даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жалпы жетекчилик кылат.
Спартакиаданы түздөн-түз өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бекиткен башкы калыстар коллегиясына жүктөлөт.
4. Мелдештерди өткөрүүнүн шарттары
Мелдештерге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командалары катышат.
Тандоо мелдештерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери мелдештердин программаларынын бирине милдеттүү түрдө катышууга тийиш.
Мандаттык комиссияга төмөнкү үлгүдөгү документтер тапшырылат:
- 1, 2-тиркемелерге ылайык белгиленген форма боюнча катышуучулардан жана командалардан арыз;
- ким экендигин тастыктаган документ.
Мелдештерге катышуучулардын маалыматтарынын аныктыгы үчүн жекече жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчиси жана кадрлар бөлүмүнүн начальниги тартат.
Эскертүү:
- бардык мелдештерге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкерлери гана катышат;
- спорттун эки түрү боюнча катышууга уруксат берилет.
- Спартакиаданын программасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча улуттук спорттук уюмдардын сунушуна ылайык спорттун түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү мелдештерге арыз берилиши мүмкүн.
§ 1. Мелдештердин программасы
Спартакиаданын программасына спорттун түрлөрү боюнча эрежелерге ылайык спорттун жеткиликтүү жана кеңири таанымал түрлөрү киргизилген.
Спорттун ар бир түрүндө мелдештерди өткөрүү тартиби Башкы калыстар коллегиясы тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлгөн кырдаалга (катышуучулардын саны, аба ырайы ж.б.) жараша мелдешти өткөрүү тартибин жана күнүн Башкы калыстар коллегиясы тарабынан өзгөртүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине алдын ала билдирилет.
§ 2. Армрестлинг (кол күрөш)
Команданын курамы - 9 киши (3 аял жана 6 эркек).
Мелдеш аялдар менен эркектер арасында оң колу менен жекече өткөрүлөт.
Аялдардын салмак категориясы:
60 кг, 70 кг, 70+ кг.
Эркектердин салмак категориясы:
60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100+ кг;
Катышуучулардын санына жараша калыстар коллегиясынын чечими менен салмак категорияларын жылдырууга жана бириктирүүгө жол берилет. Мелдеш эки жолу утулгандан кийин чыгып калуу системасы боюнча өткөрүлөт. Мелдеш Дүйнөлүк армрестлинг федерациясынын эл аралык эрежелери боюнча өткөрүлөт.
§ 3. Бильярд
Мелдеш Пирамида боюнча Эл аралык комитет бекиткен колдонуудагы «комбинацияланган пирамида» (Москва) эрежелери» боюнча өткөрүлөт.
Командалык беттешүүлөр айлампа система боюнча 3 адамдан турган командада өткөрүлөт.
§ 4. Волейбол
Курама команданын-катышуучулардын курамы.
Волейбол боюнча командалар чакан топторго бөлүнөт, оюндар айлампа система боюнча өткөрүлөт. Оюндар үч партия менен өткөрүлөт, ар бир чакан топтон экиден команда жарым финалга беттешүүгө чыгуу үчүн күрөшөт.
Оюндар Эл аралык волейбол федерациясы бекиткен колдонуудагы эрежелер боюнча өткөрүлөт.
Орундар командалар топтогон (мелдешти өткөрүү системасын эске алуу менен) упайлардын кыйла коп саны боюнча аныкталат.
Команданын бирдей кийим кийиши милдеттүү. Бирдей кийим жок болгон учурда команда эскертүүсүз эле катышуудан алып салынат. Волейбол боюнча спартакиаданын программасына катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командаларын бирдей кийим менен камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлөт.
§ 5. Гиря спорту
Мелдеш 70, 80, 90 кг жана 90 кг жогорку салмак категорияларында өткөрүлөт. Гирянын салмагы - 32 кг. Көнүгүүнү аткарууга - 10 минут берилет. Таразага тартуу мелдеш башталганга чейин 1 саат калганда өткөрүлөт.
«Жулкуп көтөрүү» көнүгүүсү бир жолку ыкма менен адегенде бир кол, андан кийин экинчи кол менен аткарылат.
Жеңүүчү ар бир салмак категориясында оң жана сол кол менен көтөрүүнүн кыйла көп суммасы боюнча аныкталат.
Эстафета: команданын курамы - курагына жана салмак категориясына карабастан 3 киши. Жулкуп көтөрүү ар бир спортчу тарабынан 3 минута ичинде тыныгуусуз бир кол менен аткарылат.
9 минута ичинде эн коп кайталоону аткарган команда жеңишке жетишет.
§ 6. Дартс
Мелдеш жекече болуп саналат, ал аялдар жана эркектер арасында өз- өзүнчө өткөрүлөт. Мелдештерге ар бир делегациядан экиден кеп эмес спортчу катышат.
Оюн форматы: Олимпиадалык система боюнча «501»ден 1-тор х 3 лега.
Мелдештин эрежелерине ылайык «Чоң раунд» көнүгүүсү боюнча рейтингдик мелдеш алдын ала өткөрүлөт, анын жыйынтыгы боюнча «501» оюнуна топтогон упайларынын кыйла көп саны боюнча 16 спортчуга (аялдар жана эркектер өз-өзүнчө) катышууга уруксат берилет.
§ 7. Кичи-футбол
Команданын курамы - 12 киши.
Мелдеш ФИФАнын колдонуудагы эрежелери жана регламенти боюнча өткөрүлөт.
Командалар топторго бөлүнөт, мелдеш айлампа системасы боюнча өткөрүлөт. Команда жеңиши үчүн - 3 упай, тең чыгууда - 1, жеңилүүдө - 0 упай алат.
Эки жана андан кеп команданын упайлары тең болуп калса, жеңиштери коп командага артыкчылык берилет, ал көрсөткүч упайлардын саны жана өз ара оюнда топтордун катышы боюнча тең болуп калса, ошол этаптагы бардык беттешүүлөрдө киргизилген жана өткөрүп жиберилген топтордун эң мыкты катышы боюнча жеңүүчү аныкталат.
Бир беттешүүнүн убактысын Башкы калыстар коллегиясы аныктайт.
§ 8. Стол тенниси
Мелдеш жеке-командалык болуп саналат, ал аялдар жана эркектер арасында өз-өзүнчө өткөрүлөт. Команданын курамы: 2 эркек жана 2 аял. Командалар ортосундагы матч эки беттешүүдөн турат: эркектер (жеке-жуп менен) жана аялдар (жеке-жуп менен).
Ар бир беттешүү 3 жеңишке чейинки 5 партиядан турат. Жеңиш үчүн - 2 упай, жеңилүү үчүн - 1 упай жана келбей калууга - 0 упай берилет.
Эки командада упайлар тең болуп калганда алардын ортосундагы беттешүүдө жеңип чыккан командага артыкчылык берилет.
Үч жана андан ашык командаларда упайлар тең болуп калганда артыкчылык ырааттуулук менен аныкталат:
- алардын ортосундагы беттешүүлөрдө жеңген жана жеңилген оюндардын мыкты айырмачылыгы боюнча;
- алардын ортосундагы бардык беттешүүлөрдө жеңген жана жеңилген оюндардын мыкты айырмачылыгы боюнча;
- алардын ортосундагы беттешүүлөрдө жеңген жана жеңилген топтордун мыкты айырмачылыгы боюнча.
Калыстар коллегиясы колдонуудагы эрежелердин чегинде мелдештерди өткөрүү шарттарына түзөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
§ 9. Ок атуу
Ок атуу боюнча аялдар менен эркектер арасындагы жеке- командалык мелдеш.
Команда 6 кишиден (3 аял жана 3 эркек) турат.
МВ-1 көнүгүүсү, 25 метрге таянуу менен жатып ок атуу, 5 сынап атуу жана 10 зачеттук ок атуу.
Жеңүүчү аялдар менен эркектердин ортосунда атып түшүрүлгөн упайлардын кыйла көп саны боюнча аныкталат. Командалык орун аялдар менен эркектердин ортосунда атып түшүрүлгөн упайлардын кыйла коп саны боюнча аныкталат. Жалпы командалык орундар аялдар менен эркектер командаларынын атып түшүрүлгөн упайларынын кыйла кеп саны боюнча аныкталат.
§ 10. Тогуз-коргоол
Команданын курамы - 6 кишиден турат: анын ичинде 3 аял жана 3 эркек.
Оюн айлампа системасы боюнча өткөрүлөт. Ар бир оюнчуга контролдук убакыт 1 саат 30 минута. Жеңүүчү топтогон упайларынын кыйла көп саны боюнча аныкталат. Эгерде топтогон упайлардын саны тең болуп калса, бетме-бет беттешүүнүн натыйжасы боюнча, тең чыгып калган учурда жеңиш эркектер ортосунда биринчи тактанын көрсөткүчү боюнча аныкталат, эгерде бул көрсөткүч тең болуп калса жеңиш аялдар ортосундагы биринчи тактага ылайык ж.у.с. аныкталат.
§ 11. Шахмат
Турнир ФИДЕнин (Эл аралык шахмат федерациясы) эрежелерине ылайык айлампа системасы боюнча «Тез шахматтардын» бардык партияларына 25 минуталык контролдук убакыт берүү менен өткөрүлөт.
Упайлар тең болуп калганда орундар төмөнкүдөй кошумча көрсөткүчтөр боюнча аныкталат:
- жеке беттешүү;
- 1, 2, 3 такталардагы жеңиш.
Кайсы бир оюнчу турга 30 минута ичинде келбей калса, анда ал жеңилди деп эсептелинет.
Атаандаштардын кайсы биринин желекчеси түшүп калса, анда ал жеңилди деп эсептелет. Эки желекче түшкөн учурда тең чыгуу катталат.
Оюндун негизги эрежелери: кармадыңбы - жүр, орун алмашуу королдон башталат.
5. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартиби
Спорттун түрлөрү боюнча 1, 2, 3-орундарды ээлеген катышуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тийиштүү даражадагы медалдары, дипломдору жана кубоктору менен сыйланат. Спорттун бардык түрлөрү боюнча мелдештердин натыйжалары боюнча жаппы командалык 1, 2, 3-орундар аныкталат жана кубоктор жана тийиштүү даражадагы дипломдор менен сыйланат.
Спартакиаданын программасына кирген ар бир спорттун түрүндө: спорттун жеке түрлөрүндө жеке-командалык биринчилик, спорттун командалык түрлөрүндө командалык биринчилик жана жалпы командалык мелдеште ойнотулат.
Жалпы командалык мелдештин жеңүүчүлөрү бардык мелдештердин түрлөрүнөн алынган эң аз упайлардын суммасы боюнча аныкталат.
Жалпы командалык мелдештерде орундар тең болуп калса жеңүүчүлөр спорттун түрлөрү боюнча ээлеген биринчи. экинчи, үчүнчү ж.у.с. орундары боюнча аныкталат.
Ал эми кайсы бир спорттун түрүндө мамлекеттик органдан катышпай калган команда болсо, анда ал команда ошол катышпай калган спорт түрү боюнча акыркы орунга ээ болот.
6. Каржылоо
Жалпы мелдештердин I этабы Спартакиадага катышкан Кыргыз Республикасынын ар бир мамлекеттик органынын финансылык каражаттарынын эсебинен өткөрүлөт.
Спорттун түрлөрү боюнча финалдык мелдештеринин II этабына даярдык керүү жана өткөрүү (спорттук курулуштарды ижарага алуу, калыстар коллегиясына, медициналык персоналга акы төлөө, канцеляриялык чыгымдар, сыйлоо), ошондой эле Спартакиаданы ачуу жана жабуу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин финансылык каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Спартакиадага катышуу үчүн жол кирени төлөп берүү менен байланышкан команданын чыгымы ага катышкан мамлекеттик органдардын эсебинен каржыланат.
7. Арыз берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
Жалпы арыз жана спорттун түрлөрү боюнча арыздар ушул Жобонун № 1, 2 тиркемелерине ылайык формада берилет.
Врач, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчиси кадрлар бөлүмүнүн начальниги ырастаган акыркы арыздар мандат комиссиясына тапшырылат.
Мандат комиссиясынын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, спорттун түрлөрү боюнча калыстар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү кирет.
Спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышууга алдын ала арыздар белгиленген формада 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берилет.
Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин
спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына катышууга
арыз
______________________________________________________________________________________________________командасынан
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Туулган жылы | Спорттун түрү | Врачтын уруксаты |
1. |
|
|
|
|
|
2. |
|
|
|
|
|
3. |
|
|
|
|
|
4. |
|
|
|
|
|
5. |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын жетекчиси | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Врач | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Мамлекеттик органдын кадрлар бөлүмүнүн начальниги | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Команданын өкүлү | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин
спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына катышууга
арыз
______________________________________________________________________________________________________командасынан
_______________________________________________________________________________________________________түрү боюнча
(спорттун түрү)
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Туулган жылы | Спорттун түрү | Врачтын уруксаты |
1. |
|
|
|
|
|
2. |
|
|
|
|
|
3. |
|
|
|
|
|
4. |
|
|
|
|
|
5. |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын жетекчиси | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Врач | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Мамлекеттик органдын кадрлар бөлүмүнүн начальниги | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Команданын өкүлү | ____________________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 460-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 460-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Максаттар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы (мындан ары - Спартакиада) төмөндөгү максаттарда өткөрүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү;
- дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын кеңири үгүттөө жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен такай машыгууга тартуу;
- Спартакиаданын мыкты командаларын-катышуучуларын аныктоо;
- дене тарбиялык-массалык жана спорттук иштерди уюштуруунун формаларын өркүндөтүү.
2. Өткөрүү мөөнөттөрү жана орду
Спартакиада эки этапта өткөрүлөт:
- I этап - июль-август - массалык тандоо мелдештери Кыргыз Республикасынын ар бир мамлекеттик органында өткөрүлөт;
- II этап - октябрь-ноябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин финалдык мелдештери Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Спартакиаданын I этабына катышпаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары II этапка катыша алышпайт.
Спартакиаданын II этабы Бишкек шаарынын ачык аянттарында жана спорт залдарында өткөрүлөт.
3. Мелдештерди өткөрүүгө жетекчилик кылуу
Спартакиадага даярданууга жана өткөрүүгө жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жүзөгө ашырат.
Спартакиаданы түздөн-түз өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген башкы калыстар коллегиясына жүктөлөт.
4. Мелдештерди өткөрүүнүн шарттары
Мелдештерге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командалары катышат.
Мелдеш эки топто өткөрүлөт:
биринчиси - Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында;
экинчиси - Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнө кирбеген мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында.
Спартакиаданын тандоо мелдештеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери милдеттүү тартипте мелдештин программаларынын бирине катышуусу керек.
Мандаттык комиссияга төмөнкүдөй үлгүдөгү документтер берилет:
- катышуучулардан жана командалардан өтүнмөлөр ушул Тиркеменин 1 жана 2-тиркемелерине ылайык белгиленген формада;
- ким экендигин тастыктоочу документ;
- I этаптын тандоо мелдештеринин протоколдорунун көчүрмөлөрү.
Мелдештин катышуучулары жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн жекече жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчилиги жана кадрлар бөлүмүнүн начальниги тартат.
Эскертүү:
- мелдештин баардык түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ошол органда 6 (алты) айдан кем эмес иштеген кызматкерлери гана катыша алышат (тигил же бул мамлекеттик органда ээлеген кызмат ордуна карабастан);
- катышуучуларга спорттун эки түрү боюнча катышууга жол берилет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан түзүлгөн жана бекитилген Мелдештер программасына ылайык);
- Спартакиаданын программасына (улуттук спорттук уюмдардын сунуштамалары боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине макулдашуу менен спорттун түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү мелдештерге өтүнмөлөр берилиши мүмкүн.
Мелдештердин программасына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринчи жана экинчи топтогу кызматкерлери катышат, бирок мында эки топто жыйынтыктар өз-өзүнчө чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында;
- Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнө кирбеген, ушул Тиркеменин 3-тиркемесинде каралган мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында.
§ 1. Спартакиаданын программасы
Спартакиаданын программасына спорттун тиешелүү түрлөрү боюнча эрежелерге ылайык спорттун жеткиликтүү жана таанымал түрлөрү киргизилди.
Спорттун ар бир түрүндө мелдештерди өткөрүүнүн тартиби башкы калыстар коллегиясы тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлгөн жагдайларга жараша (катышуучулардын саны, аба ырайынын шарттары ж.б.) башкы калыстар коллегиясына мелдештерди өткөрүү тартибин жана күнүн өзгөртүүгө уруксат бериши мүмкүн. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине алдын ала билдирилет.
§ 2. Армрестлинг
Команданын курамы - 10 адам (3 аял, 6 эркек жана 1 өкүл).
Жеке мелдештер: оң колдо, аялдардын жана эркектердин арасында өткөрүлөт.
Аялдар арасындагы салмактык категориялар:
60 кг, 70 кг, 70+ кг;
Эркектердин арасындагы салмактык категориялар:
60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100+ кг.
Катышуучулардын санына жараша калыстар коллегиясынын чечими менен салмактык категорияларды жылдырууга жана бириктирүүгө жол берилет. Мелдеш эки жолку жеңилүүдөн кийин оюндан чыгуу тутуму боюнча өткөрүлөт. Мелдеш Дүйнөлүк армрестлинг боюнча федерациясынын эл аралык эрежелери боюнча өтөт.
§ 3. Бильярд
Команданын курамы - 4 адам (3 эркек жана 1 өкүл).
Мелдеш эркектер арасында өткөрүлөт.
Мелдеш Пирамида боюнча эл аралык комитет тарабынан бекитилген, колдонуудагы "комбинацияланган пирамида" (Москва) эрежелери боюнча өткөрүлөт.
Командалык беттешүүлөр айлампа тутуму боюнча өтөт, командада - 3 адам.
§ 4. Волейбол
Мелдештерге катышуу үчүн курама команданын курамы - 13 адам (12 спортчу жана 1 өкүл).
Мелдеш эркектер жана аялдар командаларынын арасында өткөрүлөт.
Волейбол боюнча командалар топчолорго бөлүнөт, оюндар айлампа тутумунда өткөрүлөт. Оюндар ар бир топчодо үч партиядан өткөрүлөт, жарым финалга чыгууга (эки командадан) жана бириккен оюндар.
Оюндар Волейбол эл аралык федерациясы тарабынан бекитилген, колдонуудагы эрежелер боюнча өткөрүлөт.
Орундар команда алган упайлардын эң көп суммасы боюнча аныкталат (мелдештерди өткөрүү тутумун эске алуу менен).
Команда бирдей форма кийүүгө милдеттүү. Бирдей форма жок болгон учурда, команда эскертүүсүз катышуудан чыгарылат. Спартакиаданын волейбол боюнча программасына катышуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командаларын бирдей форма менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлөт.
§ 5. Гиря спорту
Команданын курамы - 5 адам (4 катышуучу жана 1 өкүл). Ар бир салмактык категорияга 1 (бирден) катышуучу катышат.
Мелдештер 70, 80, 90 жана 90дон жогору кг салмак категорияларында өткөрүлөт. Гирянын салмагы - 24 кг. Көнүгүүлөрдү аткарууга - 5 мүнөт. Таразага тартуу мелдештер башталганга чейин 1 саат мурун.
"Секирик" көнүгүүсү бир кол, андан кийин экинчи кол менен бир ыкмада аткарылат.
Жеңүүчү ар бир салмактык категорияда сол жана оң колдор менен көтөрүүнүн эң чоң суммасы боюнча аныкталат.
Упайлар (көтөрүүлөр) тең болгон учурда, өзүнүн эң аз салмагы боюнча жеңүүчү аныкталат.
§ 6. Дартс
Жеке мелдештер, аялдар жана эркектер арасында өзүнчө өткөрүлөт.
Команданын курамы - 5 адам (2 эркек, 2 аял жана 1 өкүл).
Оюндун форматы: Олимпиада тутуму боюнча "501" 1 сет х 3 лега.
Мелдештердин эрежелерине ылайык "Чоң раунд" көнүгүүсү боюнча рейтингдик мелдештер алдын ала өткөрүлөт, анын жыйынтыгы менен топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча "501" оюнуна катышууга 16 спортчуга (аялдар жана эркектер өзүнчө) жол берилет.
§ 7. Кичи-футбол
Командалардын курамы - 12 адам жана 1 өкүл.
Мелдештер ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) колдонуудагы эрежелери жана регламенти боюнча өткөрүлөт.
Командалар топтор боюнча бөлүштүрүлөт, мелдештер айлампа тутумунда өткөрүлөт. Утуш үчүн команда - 3 упай алат, тең чыгуу - 1 упай, утулуу - 0 упай.
Эки жана андан көп командалардын упайлары тең чыкканда жеңиши көп командага артыкчылык берилет, бул көрсөткүч упайлардын саны жана өз ара оюндардагы топтордун катышы боюнча тең чыкканда - бул этаптагы бардык беттешүүлөрдөгү киргизилген жана өткөрүлүп жиберилген топтордун мыкты катышы боюнча саналат.
Бир беттешүүгө убакытты башкы калыстар коллегиясы аныктайт.
§ 8. Жеңил атлетика
Команданын курамы - 13 адам (6 эркек, 6 аял жана 1 өкүл).
Мелдеш эки курактык топто өткөрүлөт: 35 жашка чейин жана 35 жаштан жогору.
Жеке мелдештер:
эркектер арасында: 1000 метрге, 100 метрге жана 200 метрге чуркоо;
аялдар арасында: 500 метрге, 100 метрге жана 200 метрге чуркоо.
Ар бир түргө карата ар бир уюмдан - 1 адамдан.
Ар бир мамлекеттик орган өздүк төшкө тагылуучу номерге ээ болушу керек.
§ 9. Стол үстүндөгү теннис
Команданын курамы: 5 адам (2 эркек, 2 аял жана 1 өкүл).
Жеке-командалык мелдештер эркектер жана аялдар арасында өзүнчө өткөрүлөт. Командалар ортосундагы матч эки беттешүү менен өткөрүлөт: эркектер (жалгыз - жуп) жана аялдар (жалгыз - жуп).
Ар бир жолугушуу 5 партиядан 3 жеңишке чейин турат. Жеңиш үчүн 2 упай эсептелет, жеңилүү - 1 упай жана келбегендиги үчүн - 0 упай.
Эки команданын упайлары тең болуп калган учурда алардын ортосундагы беттешүүдө уткан команда артыкчылык алат.
Үч жана андан көп командалардын упайлары тең чыкканда артыкчылык төмөнкү ырааттуулук менен аныкталат:
- алардын ортосундагы беттешүүлөрдө уткан жана утулган партиялардын мыкты айырмасы боюнча.
Башкы калыстар коллегиясы колдонуудагы эрежелердин чегинде мелдештерди өткөрүүнүн шарттарына түзөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
§ 10. Ок атуу
Ок атуу боюнча аялдар жана эркектер арасындагы жекече-командалык мелдештер.
Команданын курамы - 7 адам (3 аял, 3 эркек жана 1 өкүл).
I топ
Эркектер үчүн:
МВ-2 көнүгүүсү, 50 метр аралыкта жатып атуу, 5 сынак атуу жана 10 эсептик атуу (мылтык курун пайдаланууга уруксат берилет);
Аялдар үчүн:
МВ-2 көнүгүүсү, 50 метр аралыкта жатып, таяныч менен атуу, 5 сынак атуу жана 10 эсептик атуу;
II топ
Эркектер жана аялдар:
МВ-2 көнүгүүсү, 50 метр аралыкта жатып, таяныч менен атуу, 5 сынак атуу жана 10 эсептик атуу.
Көнүгүү Эл аралык ок атуу спорт федерациясынын (ISSF) эрежелерине ылайык аткарылат.
Жеңүүчү аялдар жана эркектер арасында топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча аныкталат. Командалык орун аялдар жана эркектер арасында топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча аныкталат.
Жалпы командалык орун аялдар жана эркектер арасында топтолгон упайлардын эң көп саны боюнча аныкталат.
§ 11. Тогуз коргоол
Команданын курамы: 9 адам (4 аял, 4 эркек жана 1 өкүл.)
Оюн тогуз коргоол эрежелерине ылайык өткөрүлөт.
Мелдештер жекече-командалык эсепте өткөрүлөт. Швейцария системасы боюнча жекече эсепте 7 тур, Олимпиадалык тутум боюнча командалык эсепте - 2) тур. Убакыт контролу ар бир оюнчуга 1 саат. Утуш - 1 упай, тең чыгуу - 0,5 упай, утулуу - 0 упай.
Упайлар жекече эсепте бирдей болгон учурда, жеңүүчү төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча аныкталат:
- топтолгон упайлардын саны боюнча;
- Бухгольтц коэффициенти боюнча;
- жекече беттешүү боюнча;
- прогресс коэффициенти боюнча.
§ 12. Шахмат
Турнир ФИДЕ (Эл аралык шахмат федерациясы) эрежелери боюнча өткөрүлөт, убакыт контролу - айлампа тутуму боюнча бардык "Тез шахмат" партиясына 25 мүнөт.
Упайлар тең чыккан учурда орундар төмөнкү кошумча көрсөткүчтөр боюнча аныкталат:
- жекече беттешүү;
- 1, 2, 3-такталардагы жеңиш.
Турда кайсы бир оюнчу 30 мүнөт жок болгон учурда, ал жеңилди деп эсептелет.
Атаандаштардын кимдир бирөөсүнүн желеги жыгылган учурда ал жеңилди деп эсептелет. Эки желек тең жыгылган учурда тең чыгуу катталат.
Оюндун негизги эрежелери: "кармаганыңды-жүр", рокировка падышадан башталат.
§ 13. Аркан тартуу
Команданын курамы - 8 адам, мамлекеттик органдын катышып жаткан командасынын мүчөлөрүнүн ичинен.
Аркан тартуу боюнча мелдештерде жаш курагын жана салмактык категориясын эске албастан, абсолюттук жеңүүчү аныкталат. 33,9 метрге чейинки узундуктагы, диаметри 10дон 12,5 см чейинки аркандын ортосуна кызыл тасма байланат, кызыл тасмадан 4 жана 5 метр аралыкта, оң жана сол жагындагы эки жери ак жана көк тасмалар менен байланат.
Аркан тартуу боюнча мелдеш өткөрүлгөн жерде жеңүүчүнү аныктоо үчүн контролдук сызык белгиленет. Калыстын белгиси боюнча бир убакта ар бир команда жеңүүчү аныкталганга чейин арканды тарта баштайт. Командалар ортосундагы беттешүү үч жолу өткөрүлөт. Командалардын бири эки жолу жеңген учурда, үчүнчүсү өткөрүлбөйт. Ар бир аракет кылуудан кийин командалар 2 мүнөттөн ашык эс алышпайт. Кийимдин формасы каалагандай. Команданын курамына мамлекеттик органдын катышып жаткан командасынын ар кайсы мүчөсү (анын ичинде аялдар) кирет.
5. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартиби
Спорттун түрлөрү боюнча 1, 2, 3-орундарды ээлеген катышуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тийиштүү даражадагы медалдары, дипломдору жана кубоктору менен сыйланышат. Спорттун бардык түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыктары менен жалпы командалык 1, 2, 3-орундар аныкталат жана командалар тийиштүү даражадагы дипломдор жана кубоктор менен сыйланышат.
Спартакиаданын программасына кирген спорттун ар бир түрүндө төмөнкүлөр ойнотулат: спорттун жекече түрлөрүндө жекече-командалык биринчилик, спорттун командалык түрлөрүндө командалык биринчилик жана жалпы командалык мелдештер.
Жалпы командалык мелдештин жеңүүчүлөрү Спартакиаданын мелдештеринин бардык түрлөрүндө команда алган упайлардын эң аз суммасы боюнча аныкталат (I орун - 1 упай, II орун - 2 упай, III орун - 3 упай ж.б.).
Жалпы командалык мелдеште орундар тең болгон учурда жеңүүчү спорттун түрлөрү боюнча биринчи, экинчи, үчүнчү ж.б. орундардын эң көп саны боюнча аныкталат.
Кайсы бир мамлекеттик органдын командасы спорттун бир түрүнө катышпаган учурда, командага спорттун бул түрүндө + 5 айып упайы ыйгарылат.
Каршылык билдирилген учурда, команданын өкүлү оюндан кийин бир сааттын ичинде болгон фактыны кароо жөнүндө протоколго каршылыкты каттоого милдеттүү.
6. Каржылоо
Массалык мелдештердин биринчи этабы Спартакиадага катышкан Кыргыз Республикасынын ар бир мамлекеттик органынын финансы каражаттарынын эсебинен өткөрүлөт.
Спорттун түрлөрү боюнча финалдык мелдештердин экинчи этабына даярданууга жана өткөрүүгө (спорттук курулмалардын ижара акысы, калыстар коллегиясына, медперсоналдарга акы төлөө, канцелярдык чыгымдар, сыйлоо), ошондой эле Спартакиаданы ачууга жана жабууга байланыштуу чыгымдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин финансы каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Мелдештер өткөрүлүүчү жерге чейинки жол акыны төлөө менен байланышкан командалардын чыгымдары катышкан мамлекеттик органдардын эсебинен каржыланат.
7. Өтүнмөлөрдү берүү тартиби жана мөөнөттөрү
Жалпы өтүнмө жана спорттун түрлөрү боюнча өтүнмөлөр ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берилет.
Дарыгер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчиси, кадрлар бөлүмүнүн башчысы тарабынан ырасталган акыркы өтүнмөлөр мандаттык комиссияга берилет.
Мандаттык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, спорттун түрлөрү боюнча калыстар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү кирет.
Спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышууга карата алдын ала өтүнмө белгиленген формада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 25-сентябрга чейин, Бишкек шаары, Тоголок-Молдо көч., 17, тел.: (0312) 32-53-02; факс.: (0312) 32-53-08 дареги боюнча берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына катышууга ___________________________ командасынан ӨТҮНМӨ
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Туулган жылы | Спорттун түрү | Дарыгердин уруксаты |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын
жетекчиси: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Дарыгер: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Мамлекеттик органдын
кадрлар бөлүмүнүн
начальниги: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Команданын өкүлү: _______________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына _________________________ боюнча катышууга (спорттун түрү) _________________________ командасынан ӨТҮНМӨ
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Туулган жылы | Спорттун түрү | Дарыгердин уруксаты |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик органдын
жетекчиси: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Дарыгер: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Мамлекеттик органдын
кадрлар бөлүмүнүн
начальниги: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
Команданын өкүлү: ____________________ _______________ (аты-жөнү), (колу)
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕСИ (I топ - күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары; II топ - күч түзүмдөрүнө жана укук коргоо органдарына кирбеген мамлекеттик органдар)
№ | Органдын аталышы |
Күч жана укук коргоо органдары | |
1 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
3 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
4 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат |
9 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
10 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
Күч түзүмдөрүнө жана укук коргоо органдарына кирбеген мамлекеттик органдар | |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты |
4 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
5 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
7 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
8 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
9 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
11 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
12 | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
13 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
14 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
15 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчал турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
17 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттиги |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
21 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
24 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
26 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
28 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
29 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
30 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
31 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
32 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
33 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
34 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
35 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы |
36 | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия |