Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-июлу № 379-б
1. "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуулардын расмий тилде сунушталган долбоорлору жактырылсын.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга Кыргыз Республикасынын финансы министрине ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |