Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-августу № 380-б
Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды сапаттуу өткөрүү, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине "Коомдук саламаттык сактоо" программасы боюнча каралган өздүк каражаттарынын эсебинен Чоң-Алай райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору үчүн Доорот-Коргон айылында жайгашкан имаратты жер участогу (аянты 1350 кв. метр) жана наркы 1200000 (бир миллион эки жүз миң) сом жайы (аянты 132,89 кв. метр) менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Имаратты сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты оперативдүү башкарууга Доорот-Коргон айылында жайгашкан Чоң-Алай райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун балансына өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |