Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-августу № 382-б
Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында 2012-жылдын 19-мартында түшкөн кар көчкүдөн улам ураган өзүнүн турак үйүнүн урандысынын алдында калып, кырсыктан кайтыш болгон Эмилбек кызы Бүзейнептин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү, Нура айылынын тургундары үчүн өз убагында биринчи медициналык жардам алууга шарттарды түзүү жана аларга жер титирөөдөн кийин калыбына келтирилген турак үйлөрүн мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош облусундагы Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте кар көчкүдөн улам ураган өзүнүн турак үйүнүн урандысынын алдында калгандыгынын жыйынтыгында кырсыктан кайтыш болгон Эмилбек кызы Бүзейнептин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен алар жаратылыштык процесстер жана кубулуштардан коопсуз башка аймакка көчүрсүн;
- бөлүнгөн жерге кырсыктан кайтыш болгон Эмилбек кызы Бүзейнептин үй-бүлөсү үчүн энергетикалык натыйжалуу технологияларды колдонуу менен 3 бөлмөлүү турак үйдү 2012-жылдын 1-ноябрына чейин курсун;
- Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынын фельдшердик-амбулатордук пунктун (5 койка - орун) кеңейтүү боюнча тийиштүү курулуш иштерин баштасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке бир булактан алуу ыкмасы менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди куруу үчүн долбоордук жана подряддык уюмдарды тандоону ишке ашырууга уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Нура айылынын тургундары үчүн жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрүнүн ордуна кайра салынган турак үйлөргө ээлик укугун күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкү иштерди каржылоону камсыздасын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке каралган каражаттардын чегинде, берилген сметалык эсептөөлөргө ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объектилерди куруу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берилген сметалык эсептөөлөргө ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган Нура айылынын тургундары үчүн жаңыдан курулган үйлөрдү мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана ага ээлик укугун күбөлөндүргөн документтерди тариздөө боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынын фельдшердик-амбулатордук пунктун зарыл медициналык жабдуулар менен камсыздасын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |