Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-августу № 383-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 404-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункуттун биринчи абзацындагы "9 кабаттуу 72 квартиралык (216 бир бөлмөлүү квартира) үч турак жайды" деген сөздөр, "90 квартиралык жана 135 квартиралык (225 бир бөлмөлүү квартира) турак жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. 2010 жылдын 6-7 апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону кординациялоо боюнча мамлекеттик комиссия 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болгондун айыккан же денесине жаракат алуудан улам ооруган, белгиленген тартипте жабырлануучу деп таануу жөнүндө документтери бар адамдарга 225 бир бөлмөлүү квартираларды бөлүп берүүнү жүргүзсүн.".
Премьер-министри | Ө.Бабанов |