Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-августу № 385-б
Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын популярдаштыруу жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Айтматова Ш.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абыкеев Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Айтматов И.Т. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору; |
Байжиев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Жапаров А.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Курманалиева К.А. | - | Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Токтосартов А.Т. | - | "Руханият" эл аралык ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Шер-Нияз С. | - | Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки жумалык мөөнөттө Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын популярдаштыруу жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын популярдаштыруу жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |