Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-августу № 390-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте оперативдүү башкаруу укугу менен:
- төмөнкү автомобиль жолдорунун участокторун баланска алсын:
Курбу-Тепке, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан, узундугу 2,5 км;
Кичи Каракол - Акжай - Гежиге, Ош облусунун Алай районунун аймагында жайгашкан, узундугу 7 км;
- баланска алынган автомобиль жолдорунун участокторун 2012-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен жана чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |