Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-августу № 392-б
СССРдин эл сүрөтчүсү жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Гапар Айтиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Ниязалиева Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жээнбеков С.Ш. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы губернатор; |
Матраимов Т.М. | - | Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Базаров Н.Б. | - | Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Садыков Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Шыгаев Ю.А. | - | Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (макулдашуу боюнча); |
Усубалиев Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Салымбеков А.С. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Абилдаев Б.Э. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Айтиев С.А. | - | Г.Айтиевдин уулу (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралар планын бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |