Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-августу № 393-б
Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен өз учурунда жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы «De La Rue International Limited» компаниясы менен 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун бланктарын жана MLIS (ТМ) пленкаларын жана 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (Teslin (ТМ) жана Ламинат) даярдоого жана жеткирүүгө контрактка (мындан ары - Контракт) № 1 Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Контрактка № 1 Кошумча макулдашуу боюнча төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын блокирленген эсебинин каражаттарынан жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Контрактка № 1 Кошумча макулдашууга кол коюуда принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |