Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-августу № 394-б
Экинчилик сымапты, сымаптуу товарларды кайра иштетүү жана калдыктарды утилдештирүү процессин башкаруу боюнча чаралар комплексинин долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асанов С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Алкадыров А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн эксперти; |
Орозбеков Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы; |
Асанова Г.П. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кеңешчиси; |
Мамырбаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламент жана стандарттар боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Дүйшеева Ж.З. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик эмес жөнгө салуу жана эксперттик контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Сулейманов Р.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармагынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Атабеков Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин коомдук негиздеги кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Карыбаев М.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин атташеси; |
Чекиров Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Сариева Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамсанэпидкөзөмөл департаментинин санитариялык врачы; |
Толонгутов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчак турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору; |
Искаков К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын башкы инспектору; |
Кыдыралиев Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын өнөр жай объекттерин башкаруу жана менчиктештирүү боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Шабаева Г.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геоэкология башкармалыгынын начальниги; |
Махмудова Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геоэкология башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Исмаилов А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик санитариялык көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Мурзабаева А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр жайлык коопсуздукту контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Ходжаев А.Б. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн начальниги; |
Ормонова Н.С. | - | Айдаркен сымап акционердик коомунун жабдуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Печенюк О.В. | - | "Көз карандысыз экологиялык экспертиза" Коомдук уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Богомбеков Б.А. | - | "Азияполиметалл-Холдинг" корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Карамуратов Б.К. | - | "Азияполиметалл-Холдинг" корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун экономика бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ экинчилик сымапты, сымаптуу товарларды кайра иштетүү жана калдыктарды утилдештирүү процессин башкаруу боюнча чаралар комплексинин долбоорун үч айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |