Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 7-августу № 397-б
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Жээнбековго анын Ош облусуна болгон иш сапары убагында Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Ош облусунун Кара-Кулжа районунун «Көк-Жар» ички чарбалык каналын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин балансына кабыл алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментинин балансына кабыл алынган «Көк-Жар» каналын эксплуатациялоо боюнча 2012-жылга жана кийинки жылдарга чыгымдарды каржылоону камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |