Редакцияот 10.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 10-августу № 400-б

"2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) ишин камсыздоо боюнча каржылоону жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) 2012-жылга бөлүнгөн бюджеттик каражатты сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалансын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов