Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-августу № 401-б
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын чатырына ремонт жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Япония Өкмөтүнүн Утурлама фондунун каражатынан 12 690 584 (он эки миллион алты жүз токсон миң беш жүз сексен төрт) сом бөлсүн;
- белгиленген тартипте Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине Япония Өкмөтүнүн Утурлама фондунун эсебинен каражат алынганы жөнүндө билдирсин;
- которулган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга туруктуу мониторинг жүргүзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |