Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-августу № 402-б
Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууга министрликтердин, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүүдө жана камсыздоодо даярдыктын деңгээлин көтөрүү максатында:
1. 2012-жылдын 16-августунан 18-августуна чейин министрликтер, мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун областтарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлсүн.
2. Машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрациялары аталган машыгууга катышсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |