Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-августу № 407-б
Дары-дармек препараттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга тендердик жол-жоболордун механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары жумушчу топ) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн саламаттык сактоо секторунун башчысы;
"Психикалык саламаттык жана коом" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Ме Та-Кыргызстан" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар борборунун далилдүү медицина борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна дары-дармек препараттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга тендердик жол-жоболордун механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |