Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-августу № 410-б
"Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуп жаткан нефтини кайра иштетүүчү заводу боюнча талаш маселелерди кароо жана чечүү, санитариялык-коргоо зонасынын чегиндеги үйлөрдү жана башка курулмаларды аныктоо максатында:
1. Төмөнкү курамда Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Азыранкулов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын – губернатордун милдетин аткаруучу, жумушчу топтун төрагасы;
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Субанбеков Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Шабданов Д.А. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри;
Жумабаев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл райондук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамыров Р.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Исаков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Нарусбаева У.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Теңизбаева Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Токомбаева М.Т. - жергиликтүү тургундардын демилгелөөчү тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Голубцова Т.И. - жергиликтүү тургундардын демилгелөөчү тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Боржоева Ж.С. - "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи (макулдашуу боюнча);
Джу Чян - "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Шанлин Ю - "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун жардамчысы (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко өз ишине мамлекеттик органдардын, "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкерлеринен зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилерине оперативдүү тартипте ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчилеринин суроосу боюнча зарыл маалымат беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүүгө бардык чараларды көрүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коому нефтини кайра иштетүүчү заводдун курууда келип чыккан талаш маселелерди чечүү боюнча сунуш киргизсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |