Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-августу № 414-б
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун жоюу жол-жобосун аяктоо максатында:
1. "КыргызКредитБанк" ачык акционердик коомунун жана "Манас Банк" жабык акционердик коомунун эсептериндеги "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттун банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын № 1010100033507086 эсебинде убактылуу сактоо үчүн 3918294,63 (үч миллион тогуз жүз он сегиз миң эки жүз токсон төрт доллар алтымыш үч цент) өлчөмүндөгү которулган каражаттар Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун каражаттары болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйрукка кол коюу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттардын 60835124,51 (алтымыш миллион сегиз жүз отуз беш миң жүз жыйырма төрт сом элүү бир тыйын) өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы № 469 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна ылайык уставдык капиталды түзүү үчүн "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна которулган аманат каражаттары боюнча калган карыздар тындырылды деп эсептесин.
3. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун жоюу комиссиясы:
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун менчик укугунда турган "МКК "АУБ Агро" жабык акционердик коомунун акцияларынын 50 процентин жана "Карыздарды башкаруу кызматы" жабык акционердик коомунун акцияларынын 99 процентин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган сумма боюнча текшерүү актысын жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |