Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-августу № 416-б
2012-жылдын августунда Бишкек шаарында болуучу акча каражатын (грант жана кредит) бөлүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөндөгү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкы башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин биринчи катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |