Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-августу № 421-б
Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги, кызматтык милдетине ак ниет мамилеси үчүн жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн урматына:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкү адамдар сыйланышсын:
Акунбек уулу Талайбек, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги;
Бектемишов Улан Асылбекович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын "Кыргызалтын" акционердик коомунун "Макмалалтын" алтын кен комбинатында уурулукка жана башка кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча оперативдүү издөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, милициянын подполковниги;
Кайназаров Сагымбек Жарашевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетинчи башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;
Табалдиева Венера Шаршенбековна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жеке курам менен иштөө боюнча башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;
Ким Бакыт Леонидович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансылык полиция) тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Скобеев Егор Леонидович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматтык-аналитикаллык секторунун башчысы, милициянын полковниги;
Аширалиев Казыбек Кадырович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды коштоп жүрүү боюнча департаментинин 3 өзүнчө батальонунун 8-ротасынын старшинасы, улук прапорщик;
Дүйшөналиев Өмүрбек Токтобекович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын өкмөттүк байланыш бөлүмүнүн улук инженери, майор;
Курманалиев Алмазбек Абдиназарович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча укук коргоо, күч жана башка органдарын координациялоо секторунун инспектору, ички кызматтын полковниги;
Шаршенбиев Кубанычбек Маткеримович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 1 мекемесинин начальниги, ички кызматтын полковниги;
Күрөнкеев Айбек Турсунбекович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын 1-башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, капитан;
Щитников Алексей Николаевич, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматтык-аналитикалык башкармалыгынын бөлүм начальнигинин орун басары, подполковник;
Бурканов Асатилло Абдиевич, 2024-аскердик бөлүгүнүн оперативдүү иштер бөлүмүнүн улук офицери, майор;
Дүйшеев Абдыалы Эсенбекович, 2012-аскердик бөлүгүнүн "Ак-Жол - автожолу" чек аралык контролдоо бөлүмүнүн начальниги, полковник;
Жумашев Каныбек Казыбекович, 2022-аскердик бөлүгүнүн штабынын оперативдүү бөлүмүнүн улук офицери, капитан;
Тогузбаев Алмаз Жеңишович, 2030-аскердик бөлүгүнүн чалгындоо спецназдын инструктору, прапорщик;
Кыштообаев Болот Жумабекович, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кадрлар башкармалыгынын эсепке алуу жана аскердик наамдарды ыйгаруу бөлүмүнүн начальниги, полковник;
Чанов Уланбек Сагыналиевич, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин иш башкармалыгынын котормо бөлүмүнүн начальниги, подполковник;
Эркинбаева Динара Мухтаровна, 97632-аскердик бөлүгүнүн жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги, прапорщик.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого байланыштуу чыгымдар сунуш берген органдын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |