Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-августу № 425-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Ысык-Көл чек ара отрядынын "Эчкиликташ" чек ара постунда каза болгон прапорщик Маликов Мирлан Маликовичтин, сержант Калмамбетов Рыспек Жамгырчиевичтин, сержант Токтосунов Саадатбек Туратовичтин, сержант Кадыров Бакытбек Имадыловичтин, Шерикбаева Нуриза Эсенбаевнанын үй-булөсүнө 100 000 (жүз миң) сомдон материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 500 000 (беш жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |