Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-августу № 434-б
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмеси төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
"- "Интергласс" ЖЧКсы (Чүй облусу, ИНН № 02609200010096.".
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамында:
жетинчи абзац төмөнкү мазмундагы редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Экономика жана финансы чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын финансы чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн оперкызматкери";
курам төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин Байкоочу комиссиянын жетекчиси (кенеш берүү укугу менен, макулдашуу боюнча).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жогоруда аталган Тизмеге аны киргизгендиги жөнүндө "Интергласс" ЖЧКсына расмий маалымдасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |