Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-сентябры № 440-б
Соода жана сервистик ишканаларда төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча перифериялык жабдууларды жайгаштыруу тартибин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары (финансы полициясынын);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
«Кыргызстандын рыноктору, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө соода жана сервистик ишканаларда төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча перифериялык жабдууларды жайгаштыруу тартибин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгына маалымдасын.
3. Жумушчу топ зарыл учурда иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын, мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |