Редакцияот 05.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 5-сентябры № 441-б

Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жүргүнчүлүк катнашты жакшыртуу жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады калктуу конушунун (мындан ары - Мады калктуу конушу) көчөлөрүнүн абалын жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- Мады калктуу конушунун 2100 метр узундуктагы Шоруков көчөсүн белгиленген тартипте, операциялык башкаруу укугу менен балансына алсын;

- аталган көчөгө республикалык бюджеттин эсебинен, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2012-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде капиталдык ремонт жасасын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

 

 

А. Карашев