Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-сентябры № 442-б
«Кандуу апрель окуясынын курмандыктары «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аны кызматтык жай менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы «Кандуу апрель окуясынын курмандыктары «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесине Бишкек шаары, Киев көчөсү 96, «Б» дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттагы № 314 (аянты 12,9 квадрат метр) жана № 315 (аянты 13,2 квадрат метр) кабинеттерин кайтарымсыз убактылуу пайдалануу шартында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен 3 (үч) жылдык мөөнөткө бекитип берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |