Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-сентябры № 443-б
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин иштеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү жана мыйзам чыгаруу иши бөлүгүндөгү жоопкерчилигин күчөтүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-майындагы № 201-б буйругуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
3-тиркеме төмөнкү мазмундагы VI бөлүм менен толукталсын:
"VI. Кошумча индикаторлор:
1. Натыйжалуулуктун индикаторлору:
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында каралган долбоорлорду иштеп чыгуу мөөнөттөрүн милдеттүү түрдө сактоо.
2. Терс индикаторлор:
2.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан четке кагылган мыйзам долбоорлордун саны.
2.2. Конкреттүү министрликтин жана ведомствонун карамагына тийиштүү чөйрөлөр боюнча депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлордун саны.
2.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун алып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн которуу боюнча иш-аракеттердин саны.".
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Карашев |