Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук. өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен жабдууну жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору;
- Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын директору;
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- «Туюк-Суу» участкасынын көчкү коркунучу бар зонасында жайгашкан 23 турак үйдүн тургундарын көчүрүү жөнүндө;
- гамма нурлануунун экспозициялык дозасынын кубаттуулугу жол берилген деңгээлден ашкан 18 турак үйдө, айрым жайларда ремонттоо-калыбына келтирүү иштери жөнүндө;
- ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин аткарууга сарптоолорду алдын ала аныктоо менен Миң-Куш посёлкасынын суу менен жабдуу системасын капиталдык ремонттоо жөнүндө.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |