Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-сентябры № 446-б
«Курманжан Датка» кино долбоорун - эки сериялуу көркөм фильмин тартууну уюштурууда Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына (мындан ары - «Кыргызфильм» киностудиясы) мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги «Курманжан Датка» кино долбоорун - эки сериялуу көркөм фильмин (мындан ары - фильм) тартуу учурунда техникалык коштоону жана баталдык сценаларды уюштурууну камсыз кылуу үчүн адистерди (инженерлерди) берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- «Кыргызфильм» киностудиясынын кино тартуу тобунун карамагындагы автомашиналардын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылсын кино тартылуучу жерди курчоону уюштурсун, табигый шартта кино тартуу үчүн зарыл реквизиттерди, техникалык жабдууларды берсин;
- фильмдин согушту сүрөттөгөн (баталдык) сценаларын тартуу үчүн адистерди-консультанттарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызфильм» киностудиясынын кино тартуу тобунун кызматкерлерин согушту сүрөттөгөн жана ат үстүндө ойногон сценалары бар эпизоддорду тартууда медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон тийиштүү жабдуулар жана каражаттар менен медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- «Кыргызфильм» киностудиясына вертолёт, атайын автотранспорт (вахтовка), камсыздандыруучу шаймандарды, чатырларды, талаа ашканасын беришсин;
- өрт өчүрүүчү техникаларды жана өрт өчүрүү үчүн каражаттарды берүү менен фильмди тарткан жерде өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы зарыл учурда ыкчам тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан кино тартуучу топтун мүчөлөрүнө чыгуу документтерин тариздөөнү жүргүзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы:
- фильмди тартууну даярдоого жана жүргүзүүгө байланышкан уруксат берүүчү бардык зарыл документтерди өз убагында тариздөөнү камсыз кылышсын;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында кино тартууну жүргүзүү үчүн тийиштүү адистерди бөлүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы кино тартуучу топтун мүчөлөрүн, ошондой эле фильмди тартуу үчүн арналган жүктөрдү (техникалык жабдууларды, реквизиттерди, жапайы жаныбарларды) жөнөкөйлөтүлгөн тартипте чек аралык өткөрүүнү жана бажылык контролдоону камсыз кылышсын.
8. Ош, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын, Аламүдүн, Алай, Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик администрациялары, ошондой эле Ош, Гүлчө, Талас шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) фильмди тартуу учурунда «Кыргызфильм» киностудиясынын кино тартуу топторунун кызматкерлеринин жашоосу жана иштөөсү үчүн зарыл социалдык-тиричилик шарттарын түзүшсүн.
9. Кыргыз. Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти:
- фильмди тартуунун бекитилген графигин, киного тартуу тобунун жеке курамын жана фильмди тартууну уюштурууга жана жүргүзүүгө байланышкан иш-чаралар тизмесин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга беришсин;
- фильмди тартуу учурунда белгиленген күзөт режимин сактоону жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын пайдаланууну камсыз кылышсын;
- фильмди тартууга даярдык көрүүгө жана жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде ишке ашырышсын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |