Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-сентябры № 448-б
Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгында азык-түлүк рыногунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылган «Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле агроөнөр жай комплексинде дем берүүнүн экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу, тамак-аштын социалдык маанилүү азыктарына болгон бааны турукташтыруу жана калктын азык- түлүккө болгон сурамын канааттандыруу үчүн өлкөнүн азык-түлүк рыногунда товардык интервенцияларды жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы «Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «А» дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттагы ээлеген, аянты 668,0 кв. м болгон жайларды коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен кайтарымсыз пайдалануу келишиминин шарттарында берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |