Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-сентябры № 454-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2012-жылдын 14-сентябрында болуучу ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 59-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Панкратов Олег Михайлович | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Усупов Үсөн Макаевич | - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;
|
Турсункулов Кайрат Эркинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси;
|
Юсупов Бакыт Юсупович | - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси. |
2. Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Панкратов Олег Михайловичке ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Аталган жыйынга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |