Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-январы № 11-б
"Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы;
- "Ар-Намыс" фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- "Ата Мекен" фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- "Ата Журт" фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- "Республика" фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекстин ачык-айкындык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча);
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкы менен бирдикте 2012-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоорун иштеп чыгышсын;
- белгиленген тартипте Кредиттик макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоору боюнча Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкында билдирмени тариздесин.
4. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте өз ишине мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн отун-энергетикалык комплекси секторуна жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |