Редакцияот 02.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 2-февралы № 30-б

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун кошумча булактарын издөө жана бюджеттин киреше бөлүгүнө түшпөгөн компенсациялоочу суммалар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, жумушчу топтун жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча).

2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө бюджеттин киреше бөлүгүнө түшпөгөн компенсациялоочу суммалар боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.

3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлиги органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.

4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.К.Оторбаевге жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов