Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-февралы № 38-б
"Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо" долбоору ("Каржылоо жөнүндө макулдашуу") боюнча кошумча каржылоого биринчи Гранттын (ЭӨА № Н391-КG Гранты) калдык суммасын реструктуралоо максатында:
1. "Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө 2008-жылдын 25-июнундагы макулдашууга оңдоолор тууралуу Эл аралык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын катынын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине "Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө 2008-жылдын 25-июнундагы макулдашууга оңдоолор тууралуу Каттын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |