Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-февралы № 41-б
Кызматтык милдеттерин ак ниет аткарганы, жетишилген бийик натыйжалары үчүн жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Мусина Анаркүл Рашитовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өздүк курам менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Керимбеков Уланбек Кеңешбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармасынын 3-оперативдик бөлүмүнүн (бажы кылмыштары боюнча) начальниги. |
Премьер-министр | Ө.Бабанов |