Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-февралы № 43-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т.Бабановдун 2012-жылдын 21-22-февралында Казакстан Республикасынын Астана шаарына болуучу иш сапарына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Расмий делегация:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Шадиев Аскарбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Тынаев Сапарбек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; |
Өмүралиев Эсенгул Касымович | - | Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Тиленов Закир Керимович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысы; |
Сыдыков Данияр Батырович(*, ***) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары. |
Коштоочу адамдар: | ||
Кадырбеков Карыбек Адылбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы; |
Каназаров Султан Төлөнович(*, ***) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Маматбеков Айбек Бекбоевич(*, **) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протокол жетекчиси; |
Кулмурзаев Тургунбек Насипович | - | "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Тентиев Аман Мукамбетович | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айткулов Медетбек Аширкулович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Ибраимов Бакыт Алтымышович(*, **) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук ишчараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти (макулдашуу боюнча). |
Күзөт: | ||
Абдырасул уулу Азамат(*, **) | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын бөлүм начальнигинин орун басары; |
Жамгырчиев Нурбек Кеңешбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тез чара көрүү атайын отрядынын кызматкери. |
|
| Басма сөз: |
Аильчиев Сагын Аильчиевич(*, ***) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы; |
Деркембаев Алтынбек Шамирович(*, ***) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(**) - 2012-жылдын 15-февралынан тартып Астана шаарына командировкага жиберилет;
(***) - 2012-жылдын 20-февралынан тартып Астана шаарына командировкага жиберилет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |