Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 52-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Уран Сарбагышевдин күтүүсүз дүйнөдөн кайткандыгына жана сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Беков Т.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Өмүралиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Рысалиев З.К. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Коеналиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Осмонов М.О. | - | "Эркин Тоо" газетасынын башкы редактору; |
Оторбаев К. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бегалиев М.А. | - | Кыргыз улуттук консерваториянын ректору; |
Субаналиев С.С. | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору; |
Жакиев Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Саламатов Т.С. | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; |
Нуртазин А.А. | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстри; |
Кудайбердиева С.К. | - | Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору; |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маданият, туризм жана спорт секторунун эксперти. |
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү датасы - 2012-жылдын 21-февралы, саат 10.00, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын эл артистинин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 150 000 (жүз элүү миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аза күтүү иш-чарасын Улуттук гвардиянын ардактуу кароолу жана үйлөмө аспаптар оркестри менен камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы:
- сөөк коюуга катышуучуларды ташуу үчүн эки автобус берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан гүлчамбар даярдасын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |