Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 53-б
2013-2015-жылдарга бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун, ошондой эле 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 40-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги "2013-2015-жылдарга фискалдык саясаттын максаттарын кошкондо Кыргыз Республикасын жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун 2012-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2013-2015-жылдарга акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүшүнөн дивиденддердин түшүүсүнөн кирешелердин, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын жана чарбакер субъекттер боюнча мамлекеттик ишканалардын пайдасынын болжолун, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акыларынан түшүүлөрдүн болжолун 2012-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2013-2015-жылдарга бажылык төлөмдөрдүн, салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүнүн негизделген болжолун 2012-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Республикалык бюджеттен каржылануучу Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана башка бюджеттик уюмдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
- 2013-2015-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгашалар боюнча контролдук сандарды эсептөө үчүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык программаларына негизделген негизги экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрдү 2012-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө;
- 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берген сунуштамаларга жана смета формаларына ылайык программалык негиздеги зарыл эсептөөлөр жана негиздемелер менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген 2013-2015-жылдарга атайын каражаттар боюнча чыгашалардын жыйынтык сметасынын жана кирешелер менен чыгашалар сметасынын долбоорлорун. Мында контролдук сандарды милдеттүү түрдө сактоону камсыз кылсын;
2013-2015-жылдарга бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана контингенттери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү;
2013-2015-жылдарга программалык форматтагы бюджеттик документтерди;
программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды потенциалдуу үнөмдөөнүн варианттарын;
2013-2015-жылдарга бюджеттин долбооруна киргизилбеген артыкчылыктуу чыгашаларды.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги программалык негиздеги зарыл эсептөөлөр жана негиздемелер менен тийиштүү багыттар боюнча 2013-2015-жылдарга орточо мөөнөттүү стратегияны 2012-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2012-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
- программалык негиздеги зарыл эсептөөлөр жана негиздемелер менен тийиштүү багыттар боюнча 2013-2015-жылдарга орточо мөөнөттүү стратегияны;
- 2013-2015-жылдарга түшүүлөрдүн жана чыгашалардын болжолун.
7. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:
- жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган 2013-2015-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн болжолун - 2012-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө;
- жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган 2013-2015-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн болжолун - 2012-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө.
8. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:
- жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган 2013-2015-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн болжолун - 2012-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө;
- жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган 2013-2015-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн болжолун - 2012-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2013-2015-жылдарга бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолунун долбоорун 2012-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин. Анын негизинде, 2013-2015-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгашалар боюнча жалпы контролдук сандарды даярдасын;
- 2012-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2013-2015-жылдарга баалардын иштелип чыккан болжолдуу индекстерин жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн, ошондой эле 2013-2015-жылдарга чыгашалар боюнча контролдук сандарды эске алуу менен 2013-2015-жылдарга бюджет долбоорун түзүү боюнча нускамалык материалдарды 2012-жылдын 31-майына чейинки мөөнөттө даярдасын жана республикалык бюджеттен каржылануучу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, ведомстволоруна жана башка бюджеттик мекемелерине билдирсин.
- Кыргыз Республикасынын 2013-2015-жылдарга республикалык бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды 2012-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын 2013-2015-жылдарга республикалык бюджетинин долбоорун белгиленген тартипте 2012-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого берсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |