Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 54-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 324-б буйругунун редакциясына ылайык)
ФАТФтын (Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу (Тhе Financial Action Task Forse (FATF) 2011-жылдын 28-октябрындагы Пленардык жыйынында бекитилген Иш-аракеттер планында каралган иш-чараларды (мындан ары - Иш-аракеттер планы) аткаруу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кененбаев Ч.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укук бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Калиев Б.Б. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын бөлүм начальниги;
|
Кадыркулов Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин терроризмдин алдын алуу жана антитеррористтик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
|
Турсункулов К.Э. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эксперти;
|
Исаков Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин атташеси;
|
Кожошева Н.М. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
|
Жапаров Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррористтик борборунун директорунун орун басары;
|
Ким Б.Л. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансылык полиция) юридика бөлүмүнүн начальниги;
|
Сегизбаев А.Р. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын оперативдүү талдоо башкармалыгынын улук оперкызматкери;
|
Ташбаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;
|
Чокоев 3.Л. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Шавралиева Г.О. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Ыбыкеев Т.М. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укуктук тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Бедаш В.В. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
|
Кудабаев Т.З. | - Кыргыз Республикасынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөмдөрү секторунун эксперти». |
Премьер-министр | Ө.Бабанов |