Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-февралы № 56-б
КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2000-жылдын 25-январындагы чечими менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңеши жөнүндө жобого жана ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин 2001-жылдын 31-майындагы чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитети жөнүндө жобого ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри Жоомарт Каипович Оторбаевге Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинде Кыргыз Республикасынын өкүлү жана Кыргыз Республикасынан Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетинин мүчөсү катары КМШнын жана ЕврАзЭСтин уставдык органдарында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо милдети жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетинин Секретариатына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган дайындоо жөнүндө билдирсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |