Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 69-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий, техникалык жана экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында:
1. Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу катынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган алмашуу катынын долбооруна кол коюу укугу берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |