Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 70-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» программасын ишке ашыруу үчүн «100 күн» иш-чаралар планын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин жыйынтыгын чагылдыруу үчүн президентациялык фильмдерди тартууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмү жана маалыматтык саясат бөлүмү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 246 980 (эки жүз кырк алты миң тогуз жүз сексен) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |