Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-марты № 75-б
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-V "Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык юбилейи жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Асанакунов М.А. | - | Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абдрахман уулу Ш. | - | "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; |
Абыкеев Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Акматов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Жакиев Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, "Кыргыз Республикасынын баатыры" (макулдашуу боюнча); |
Жоробекова Ш.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Исамидинов И.Ч. | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Кыштобаев М.К. | - | Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Орунбеков Б.О. | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов М.О. | - | "Эркин Тоо" газетасынын башкы редактору; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Слащева Т.М. | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн башкы редактору; |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти. |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаранын планынын долбоору иштелип чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |