Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-марты № 77-б
"Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө координациялоону жана контролдоону камсыздоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 566-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. "Экономикалык башкаруу жаатындагы потенциалды байытуу" гранттык долбоору боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Бишкек ишкер клубу" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).";
- 4-пунктундагы "Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |