Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-марты № 80-б
Грузия Республикасында болуп жаткан социалдык чөйрөдөгү реформалар жаатындагы тажрыйбаны иликтөө үчүн (2012-жылдын 11-15-марты):
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Асымбекова Гүлнара Үмөтовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Жумабаев Авланбек Рамазанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматтык коштоо секторунун башчысы; |
Султанидинов Узакбек Сайнидинович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |