Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-марты № 81-б
КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйындарына, "КМШ жана евразиялык интеграциянын жаңы форматы" деген КМШга катышуучу мамлекеттердин Мамлекеттер аралык экономикалык форумунун ишине катышуу, ошондой эле Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2012-жылдын 19-20-мартында болуучу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Оторбаев Жоомарт Каипович(*,**) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Назарбеков Марат Рысбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Ибраимова Чолпон Ибраимовна | - | КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Усупов Үсөн Макаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси; |
Юсупов Бакыт Юсупович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси; |
Көчкөнөв Казыбек Маматкасымович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин биринчи катчысы; |
Айталиев Анаркул Максүтович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттигинин директорунун орун басары; |
Алканов Райкан Алканович | - | "ЕврАзЭС - Кыргызстан Ишкердик Кеңеши" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(**) - 2012-жылдын 16-20-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |